"Террорчулар бизди колдонуп кетишти". Талдыкорганда каза болгон СИЗОнун кызматкеринин атасы казакстандыктарга кайрылды

Казакстандын Талдыкорган шаарындагы СИЗОго кол салуудан каза болгон СИЗОнун кызматкери Эрбол Ержановдун атасы уулу тууралуу айтып, казакстандыктарга кайрылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

"Уулум СИЗОдо 22 жыл иштеди. 6-январда анын мөөнөтү бүтүп, пенсияга чыгышы керек болчу. Бирок ал ага жетпей калды. Ал өмүрүн мекенинин тынчтыгы, бейпилдиги үчүн берди. Сураныч, бириккиле, террористтер бизди колдонуп кетти. Провокацияга алдырбагыла", - деген маркумдун атасы.

Маркумдун артында атасы, жубайы жана эки баласы калды. Ержановдун уулу аскердик институттун курсанты. Ал атасын акыркы сапарга узатууга келе алган эмес. Анткени ал өлкөдөгү азыркы кырдаалга байланыштуу окуу жайдын базасында.

Талдыкоргандагы СИЗОго кол салуу 7-январда болгон. 15 адамдан турган куралдуу топ тергөө абагынын аймагынан тышкары жерде турган кызматкерлерге ок чыгарган. Натыйжада юстициянын прапорщиги Ержанов Эрбол Тлеубекович башынан жана бутунан алган октон каза болгон.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.

Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан жалпы 164 адам каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirnar
2022-01-10 15:40:03
Эч кандай террористтер жок эле миллиондогон ар областан чыккан карапайым эл жадаганынан митингке чыктыго. Токаев кыйын аферист экен террористтер мн Кыргыздарга куноо оодара калып.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан