
Казакстанда массалык башаламандыкка байланыштуу сегиз миңге жакын адам кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги билдирген.
"Республика боюнча 7939 адам кармалган. Тартип сакчылары Улуттук гвардиянын аскер кызматкерлери жана атайын күчтөр менен биргеликте Алматыдагы 2 базардан 207 адамды кармашкан.
Уурдалган 5 унаа, 2 даана ок атуучу курал жана 4 курал алынган", - деп Казакстандын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.
Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан жалпы 164 адам каза болду.