Ошто “Манас” эпосуна арналган илимий-практикалык конференция өтөт

22-ноябрда Ош гуманитардык педагогикалык институтунун жаштар маданий борборунда “Жусуп Мамайдын "Манас" эпосун сактап калуудагы кошкон салымы” аттуу республикалык илимий практикалык-конференция болот. Иш-чарага өлкөнүн аймагындагы окуу жайлардын профессор-окутуучулары, илим изилдөөчүлөрү, студенттер, Кытай Эл Республикасынан жана коңшу өлкөлөрдөн өкүлдөр келип катышат. Мында кыргыз элинин улуу мурасы болгон "Манас" эпосунун бүгүнкү күндөгү келечеги, деңгээли, ага Жусуп Мамайдын кошкон салымы тууралуу сөз болуп, манасчынын өмүр таржымалы тууралуу, баяндамалар айтылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан