Түштүк кореялык актёр О Ён Су аз убакыттын ичинде белгилүү болгон "Кальмар оюндары" сериалындагы ролу үчүн “экинчи ролдогу мыкты актёр” категориясы боюнча "Алтын глобус" сыйлыгын алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 77 жаштагы О Ён Су аталган сыйлыкка татыган алгачкы Түштүк кореялык актёр болуп калды. "Сүйүнүчтүү кабарды укканда өзүмө "мыкты адаммын" деп ыраазы болдум" деген ал.
Белгилей кетсек, "Кальмар оюндары" сериалы былтыр Netflix компаниясынын эң көп көрүлгөн долбоору болгон. Быйыл "Алтын глобус" сыйлыгын ыйгаруу аземи өтө жупуну өттү. Буга көптөгөн режиссёрлордун жана киностудиялардын салтанатка катышуудан баш тартышы түрткү болгон. Алар уюштуруучуларды расизмге жана сексизмге айыпташууда.