20-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 179 миллион метр кубду түздү. Бул туурасында “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдирет.
Учурда суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 194 метр куб, ал эми агып чыгышы 573 метр кубду түзүүдө.
Маалыматтарга караганда, 2012-жылдын 20-ноябрында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16 миллиард 864 миллион метр кубду түзгөн.