Ооганстанда Пакистан менен чектешкен аймакта жардыруу болуп, 6 бала көз жумду

Ооганстандын чыгышындагы Пакистан менен чектешкен аймакта жардыруу орун алып, кеминде жети киши, анын ичинде алты бала көз жумду. Бул тууралуу Нангархар провинциясынын жергиликтүү бийлигине шилтеме берүү менен чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, "Талибан" кыймылы дайындаган губернатордун кеңсеси маалымдагандай, жардыруу мектептин жанында болгон. Провинцияда «Ислам мамлекети» радикал тобунун согушкерлери көп.

Талибдер бийликке келгени аталган террордук топ бир нече ирет жардыруу уюштурган. Топтун Ооганстандагы канаты "Ислам мамлекети-Хорасан" экстремисттик уюмунун үч мүчөсүн АКШнын Мамлекеттик департаменти өтө коркунучтуу глобалдык террорчулардын тизмесине былтыр жыл соңунда кошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан