Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Зась 11-13-январь күндөрү иш сапары менен Казакстанга барат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал иштин абалы менен жеринде таанышат. Ошондой эле Казакстандын жогорку саясий жана аскердик жетекчилиги жана ЖККУнун жамааттык бейпилдик күчтөрүнүн командасы менен жолугушууну пландаштырууда.
"Башкы катчынын барышы менен ал Казакстандын президенти Касым-Жомарт-Токаев, премьер-министрдин орун басары, ИИМдин башчысы жана Коопсуздук кеңешинин башчысы жана башка адамдар менен жолугушат. Жолугушууларда Казакстандагы кырдаал жана аны нормалдаштыруу чаралары талкууланат", - деп жазылат маалыматта.