Жогорку Кеңеште мамлекеттик жашыруун сырларды сактоо чараларын кайрадан бир калыпка келтире турган мыйзам долбоору талкууланып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбековдун айтымында, иштеп жаткан мыйзамды башка улуттук мыйзам жоболоруна шайкеш келтирүү, айрым жоболорду заман талабына жараша кайрадан тактоо зарылчылыгы келип чыккан.
Мыйзамда мамлекеттик сырлар камтылган документтер ич ара “жашыруун”, “өтө жашыруун” деп бөлүнөт. Эми ошондой жашыруун документтер менен иштеген кызматкерлерге жашыруундуулук деңгээлине жараша кошумча төлөмдөр каралат.