
АКШнын Киносынчыларынын улуттук коому жыл сайын берилүүчү "National Society of Film Critics Award" сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, япониялык жазуучу Харуки Муракаминин аңгемесинин негизинде тартылган "Менин унаамдын рулуна отур" аталышындагы тасмасына дароо 4 сыйлык, анын ичинде башкы сыйлык да ыйгарылды.
- Мыкты фильм: "Менин унаамдын рулуна отур", ("Сядь за руль моей машины").
- Мыкты актёр: Хидэтоси Накадзима "Менин унаамдын рулуна отур" ("Сядь за руль моей машины").
- Мыкты актриса: Пенелопа Крус "Параллелдүү энелер" ("Параллельные матери").
- 2-пландлагы мыкты актёр: Андерс Даниэльсен Ли "Жаман адам" ("Худший человек на свете").
- 2-пландагы мыкты актриса: Рут Негга "Окшоштук" ("Идентичность").
- Мыкты режиссёр: Рюскэ Хамагути "Менин унаамдын рулуна отур" жана "Кокустук жана божомолдор" ("Сядь за руль моей машины" жана "Случайность и догадка").
- Мыкты сценарий: "Менин унаамдын рулуна отур" ("Сядь за руль моей машины").
- Мыкты кинематография: "Жашыл рыцарь тууралуу уламыш" ("Легенда о Зелёным рыцаре").
- Мыкты документалдык фильм: "Качуу" ("Побег").