Генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун жүрөгү операция жолу менен адамга ийгиликтүү салынды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Бул адамдын жүрөгүнө чочконун жүрөгүн алмаштыруу боюнча биринчи ийгиликтүү операция. Жума күнү Балтимордо сегиз саатка созулган операция жасалды. Учурда бейтап өзүн жакшы сезүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Бул операция жүрөк оорулуу миллиондогон адамдарга үмүт бергени кабарланды.
2021-жылдын октябрь айында дагы Нью-Йорк шаарында адамга чочконун бөйрөгү салынган. Анда адамга салынган чочконун бөйрөгү дагы дароо иштеп баштаган.