Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев Кытай өлкөсүндө деген маалыматты Кытайдын Тышкы иштер министрлиги четке какты. Мындай маалымат чет элдик ачык булактарга жарыяланды.
"Бул таптакыр жалган маалымат. Казакстандын мурдагы президентинин басма сөз катчысы Назарбаев учурда өлкөнүн борбору Нур-Султанда деп айтканына көңүл бурдук", - деп айтылат Кытайдын тышкы саясий ведомствосунун маалыматында.
Буга чейин Назарбаев чет өлкөгө чыгып кеткени, ал Кытайда болушу мүмкүн деген маалыматтар тараган. Кийинчерээк тунгуч президенттин басма сөз катчысы Айдос Укибай Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Нур-Султан шаарында экендигин белгилеген.