Бүгүн, 11-январга карата Казакстандагы баш аламандыктан келтирилген зыяндын көлөмү 220 миллион доллардан ашканын өлкөнүн “Атамекен” улуттук ишкерлер палатасы билдирген.
"11-январга карата келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжолдуу эсептөөлөр боюнча 95 миллиард 300 миллион теңгеден (анын ичинен Алматыда - 93 миллиард 800 миллион теңге) ашты", - деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 10-январда өлкөдө тополоңдон келтирилген зыяндын көлөмү 215 миллион доллардан ашкан болчу.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.