Алматыда райондук соттун судьясы Мурат Абраев каза болду. Казак басылмалары жазган маалыматка ылайык, ал массалык баш аламандык учурунда көз жумган.
"Казакстанда орун алган тополоңдо Алматы шаардык сотунун башчысы, Алматы райондук сотунун судьясы Мурат Абраев каза болгон. Алматы шаардык сотунун жетекчилиги жана Алматы сотторунун администрациялары маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат", - деп жазылат маалыматта.