Казакстанда массалык башаламандыкка байланыштуу 10 миңге жакын адам кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги билдирди.Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.