Кыргыз музыканты Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышы өлкөдөгү террордук коркунучтун олуттуулугунан шектенүүгө негиз бербеген өзүнчө окуя. Бул тууралуу Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости басылмасы жазды.
"Бир эле окуя эч кандай тенденцияларды түзүүгө негиз боло албайт. Өзгөчө Алматыда бир жума мурун болгон мындай масштабдуу окуялардын фонунда", - деген Песков.
Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.
Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.
Кечээ, 10-январда өлкөгө кайтып келген.