Парламенттин 20-ноябрдагы жыйынында “Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” маселе каралууда. Каржы министрлиги бул мыйзам боюнча Бүткүл дүйнөлүк банктан 25 миллион доллар насыя алууну көздөөдө.
Көпчүлүк депутаттар бул мыйзамды колдобоо керектигин айтышууда. Өмүрбек Абдрахманов: “Бюджетти колдоо үчүн экинчи насыя албашыбыз керек. Кыргызстан буга чейин 3 миллиард долларга жакын карыз алып, өлкөдө бир да завод курулган жок”,- деди.
Депутат Бөдөш Мамырова да мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковго сын айтты. “Макулдашууну алып келгенде толук иштеп чыгып, анан алып келгиле. Насыянын кайда жумшалып, кандай пайда алып келе турганы 1 тыйынына чейин эсептелиши керек. Максаты жок эле карыз ала бергенди токтотолу”,- деди Мамырова.