"Бардыгын жүрөккө аткан". Алтайда белгисиз адамдар 53 баш жылкыны атып кетишти

Орусиянын Алтай аймагында эки айылдын ортосундагы талаада белгисиз адамдар 53 баш жылкыны кулундары менен кошо атып кетишкен. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жылкылар жайытта жайылып жүргөн жана ээси жылкыларды жумасына 2-3 жолу келип карап турчу.

"Ошол күнү досум экөөбүз жылкыларды карап келели деп чыкканбыз. Бирок жол коюу туман болгондуктан кайра артка кайтканбыз. Кечинде мага "жылкыларыңды атып кетишти" деген кабар келди", - деген жылкылардын ээси.

Жылкылар атайын кача албай турган жерге камалган жана бардыгы жүрөгүнө ок тийип өлгөн.

Келтирилген зыян 5 миллион рублга бааланган. Окуя боюнча полиция кылмыш ишин козгоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Turdueva
2022-01-12 09:45:58
Жылкыда не куноо
+6
Gulina00
2022-01-12 09:48:52
Эшектер кантип атты экен мыкачылар.
+6
Dembele84
2022-01-12 13:29:27
Снайпер менен мээлеп журокко атып ойногон окшойт мыкаачылар
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан