Москвадагы мигранттардын кезектеги массалык мушташы. Кармалгандар арасында Кыргыз жарандары бар

Москва шаарында кыргыз, өзбек жана чечен улутундагы жарандардын ортосунда мушташ орун алганын орус басылмалары жазып чыгышкан. Бул маалыматты тактоо үчүн SUPER.KG порталы ТИМге кайрылган. Алардан төмөнкүчө жооп болду.

"9-январда Москва шаарынын Таган районунда Кыргыз жарандарынын катышуусунда болгон массалык мушташтан улам Таган райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган Кыргыз жараны кармалып, дагы эки жаран административдик жоопкерчиликке тартылды. Элчиликтен тиешелүү суроо-талап Таган райондук бөлүмүнө жөнөтүлдү. Маселе Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинин көзөмөлүндө турат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ak_Bulut
2022-01-12 08:36:14
Тынбай эле мушташып калгансыңарбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан