Казакстандагы кырдаал: "10 ОМОН сабаган". Казак мушкери Куат Хамитовдун токмоктолгон сүрөтү тарады

Казакстанда орун алган баш аламандыкта өз позициясын ачык билдирген мушкер Куат Хамитов ОМОНдор тарабынан сабалды. Анын сүрөтү социалдык тармактарга тарады.

Мушкердин эжеси социалдык тармактарга "Мага жардам бергилечи. Инимди үйдөн 10 ОМОН колу-бутун байлап, сабап алып кетишти", - деп жазган.

Куат Хамит митинг башталган Жаңы-Өзөн жана Актау шаарынын элин колдоого алган.

"Мен ар дайым эл мененмин. Жаңы-Өзөн, Актау эли, биз ар дайым сиздер мененбиз. Менимче, газдын баасынын көтөрүлүшү туура эмес. Бул элдин чөнтөгүнө таасирин тийгизет. Бул газга гана тиешелүү эмес, тамак-ашка, бензинге дагы тиешелүү. Баары кымбаттап бара жатат. Мамлекет бул маселени өз колуна алып, элдин көйгөйүн угушу керек. Андыктан Жаңы-Өзөн шаарынын тургундары, биз силер мененбиз!", - деп жазган мушкер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tariel_tt
2022-01-12 10:56:21
Тито Ортизди туураган бала го.
-3
KaGaH
2022-01-12 11:36:42
Эркек
+1
Datka7777
2022-01-12 13:08:11
Сабинаны суйом десе Сабина бир байга тийип кеткен эле
+2
Dembele84
2022-01-12 13:27:33
Туура кылыптыр,спортсменмин деп дардандабаш керек!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан