Казакстандагы баш аламандыкта талкаланган имараттарды 20-февралга чейин калыбына келтирүү пландалууда. Бул тууралуу Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Кайырбек Ускенбаев өкмөттүн жыйынында билдиргенин казак басылмалары жазышат.
Министрдин айтуусунда, Казакстандагы баш аламандык учурунда жалпы 204 объект талкаланган. Анын ичинде 53ү административдик имарат. Алардын 166сы Алматы шаарында жайгашкан.
"Ускенбаев бардык аймактарда келтирилген зыяндардын көлөмүн аныктоого атайын комиссиялар түзүлүп, учурда иштеп жатышканын, анын жыйынтыгы менен ыкчам түрдө имараттарды калыбына келтирүү боюнча долбоорлор иштелип чыгарын билдирди. Ошондой эле муну менен катар оңдоп-түзөө иштеринин каржы маселесин чечүү үчүн тийиштүү документтик иштер алып барылып жатканына токтолду", - деп айтылат маалыматта.