Дүйнөлүк океандын бетинин температурасы жогорулап, акыркы жылдардагы рекорддорду жаңылады. Бул тууралуу атайын адистердин маалыматына таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, адистер океан бетинин температурасы болжолдуу түрдө 1950-жылдын аягынан тарта тынымсыз жогорулап келе жатканын айтышкан. Изилдөөгө 14 институттун 23 илимий кызматкери катышкан. Алар океандагы температуранын өзгөрүшүн адамдын иш-аракетинен улам деп эсептешет.
"Океандагы топтолгон энергиянын көбөйүшү атмосферага бир топ таасирин тийгизет. Мисалы тез-тез болуучу жана күчтүү бороон-чапкындарга алып келет. Ошондой эле сел жана нөшөрлүү жаан-чачындардын коркунучун жогорулатат. Океандагы температуранын жогорулашынан улам суу кеңейип, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө түрткү болот", - деп айтылат маалыматта.