
13-январдан тарта Казакстандын Батыш Казакстан, Павлодар жана Чыгыш Казакстан облустарында өзгөчө абал режими алынат. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган документке президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон.
"13-январь күнү саат 07:00дөн тарта Казакстандын Батыш Казакстан, Павлодар жана Чыгыш Казакстан облустарында өзгөчө абал режими алынат", - деп жазылат маалыматта.