Үстүбүздөгү жылдын 9 айында 113 732 адамга айдоочулук күбөлүк берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет. Айдоочулук күбөлүктөр мекеменин Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаменти тарабынан берилген.
Ошондой эле жогорудагы берилген күбөлүктөрдүн 1169у эл аралык үлгүдөгү күбөлүк болуп эсептелет.