2013-жылдын 9 айында Ош шаарынын аймагында чекене соода жүгүртүү 14,6 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын бул мезгилине салыштырмалуу киреше 10,3 пайызга өстү. Ал эми бул аралыкта аймакта 580 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Шаардагы жарандардын орточо эмгек акысы 9379 сомду түзөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.