Казакстандын биринчи өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевдин кызы Алия Назарбаева өзүнүн "Facebook" баракчасына Казакстанда буга чейин болуп өткөн баш аламандыктар тууралуу билдирүү калтырды.
Билдирүүсүндө Алия Назарбаева Казакстандагы трагедиялуу окуяларды жүрөгү сыздап, башынан өткөргөнүн баса белгиледи.
"Урматуу достор!
Өлкөбүздө болуп өткөн каргашалуу окуяларга жүрөгүм ооруп жатат. Окуядан жабыркагандар жана каза болгон адамдар үчүн кайгыны жана өкүнүчтү айтууга сөз жок. Бардык курман болгондордун жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтам. Баарыбыз үчүн бул катаал сабак тарыхыбыздагы акыркысы болсун.Тынчтыкта адамдардын өлүүсү туура эмес. Сиздерден алган колдоо сөздөрүңүздөр үчүн да рахмат айтам. Ал эми азыркы учурда атамдын моралдык колдоосу үчүн рахмат, ал ушул күндөрү ар кайсы аймактардын тургундарынан көптөгөн билдирүүлөрдү алууда", - деп жазды Алия Назарбаева.
Мындан тышкары, ал Казакстанга тынчтык, гүлдөп өнүгүү менен казак элине ден соолук каалады.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.