Казакстандагы кырдаал: ЖККУнун аскерлери өлкөдөн чыгарыла баштады (сүрөттөр)

Казакстандын Алматы шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскерлери өлкөдөн чыгарыла баштады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась, Казакстандын коргоо министринин орун басары, генерал-майор Мухамеджан Таласов, Алматы шаарынын акими Бакытжан Сагинтаев ЖККУ аскерлерин узатуу аземине катышууда.

ЖККУдан Казакстанга жалпы 2030 жоокер жөнөтүлгөн. Алар эки шаарда - Алматыда жана Нур-Султанда жайгаштырылган.

7-январда кыргыз аскерлери Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тынчтык орнотуу миссиясына катышуу үчүн Казакстанга учуп кетишкен. Анда Кант шаарынан Казакстанга 150 аскер жана 19 техника жөнөтүлгөн.
Жогорку Кеңеш Кыргыз өлкөсүнүн бейпилдик күчтөрүн ЖККУ аркылуу Казакстанга жөнөтүүнү жактырып, андан соң президент аскер кызматкерлерин жөнөтүү боюнча жарлыкка кол койгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан