Кимдир бирөөнүн жылдап топтогон акчасы, мээнети. Алматыда өрттөлгөн унаалардын сүрөттөрү

Алматы шаарында 140 өрттөлгөн жана талкаланган унаалар убактылуу токтотуучу жайда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Алматы шаарынын Куткаруу кызматынын башчысы Бейсегали Жунусовдун айтымында, баш аламандыкта Алматы шаарында 47 унаа өрттөлсө, 48ине ок атылып, дагы 17 унаа каракчылыкка кабылган. Мындан тышкары, 40 жеңил унаа укук коргоо органдарына таандык.

Убактылуу токтотуучу жайда Гелендваген, Лексус жана Мерседес унааларын, ошондой эле митингчилер басып алган аскердик жүк ташуучу унааларды көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bishkek-Kg
2022-01-13 20:18:39
Садака, зекет бер десе өлөм дегендердикин ушинтип эле Кудай алып койот.
+2
odin-takoy
2022-01-14 03:23:51
Bishkek-Kg,сен кайактан билесин. Сен бурного сын так кандайс коро апаны кой деп койбойсунбу
0
Antiradikal10
2022-01-14 14:09:54
Орттолгон унаалар, талкаланган имараттар.....

Булардын баары казак бийлиги 30 жылда уурдаган акчанын жанында нандын кукумундой эле кеп да...

Казак элинин эркиндиги... Эркиндиктин баасы акча менен олчонбойт.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан