Ооганстанда "Талибан" кыймылынын катарындагы өзбекстандык согушкерлер митингге чыгышты

Ооганстанда "Талибан" кыймылынын өзбек согушкерлери топтун жетекчилигинин аракеттерине каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алар Ооганстандын Меймен шаарында митингге чыгышкан. Нааразылык акциясына командир, улуту өзбек Махдум Алямдын кармалышы себеп болгон. Талибдер аны үч аялды барымтага алган деген шек менен Мазари-Шариф шаарында кармаган.

Өз кезегинде "Талибан" кыймылы нааразычылык акция болгонун ырастап, демонстранттар менен пикир келишпестиктерди жөнгө салышканын белгилеген.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mech.kg
2022-01-15 02:56:57
Ай журналистер туура жазганды уйронгулочу жанылыкты он жолу окуп анан тушуносун создорду орду менен аойгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан