Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов 5-ноябрда №4-төрөт үйүнөн уурдалып кеткен ымыркайды жана шектүүлөрдү тапканы үчүн Октябрь РИИБинин кызматкерлери Санжарбек Абышев, Нурлан Жунушбаев, Ислам Мырсалиев жана Эдил Мамасадыковду сыйлады. Алардын ар бирине 15 миң сомдон акчалай сыйлык берилди. Муну мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен жоголгон ымыркайды издөөдө кошкон салымдары үчүн дагы үч милиция кызматкери Ардак грамота жана "Патриот" төш белгилери менен сыйланышты.