Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева өзүнүн Инстаграм жана Фейсбук социалдык тармактарындагы билдүрүүлөрүн өчүрдү. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Учурда Алия Назарбаеванын социалдык түйүнүндөгү баракчаларынын жок болушунун расмий себеби белгисиз. Анын Инстаграм баракчасындагы билдирүүлөрүн өчүргөнгө чейин 160 миңдей адам көргөн.
Белгилей кетсек, Алия Назарбаева өзүнүн социалдык тармактардагы баракчаларына акыркы Казакстанда болуп өткөн баш аламандыктан кийин 13-январь күнү билдирүү жазып калтырган.