Владимир Путин Казакстандын президентинин атын экинчи жолу жаңылыш айтып алды

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Орусиянын ЖККУнун бейпилдик күчтөрүн Казакстандан чыгарып кетүү маселесин талкуулап жатып, Казакстандын өлкө башчысынын атын туура эмес айтып алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

"ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү биздин өнөктөшүбүз жана ал Казакстанда абал турукташтырууда абдан маанилүү роль ойноду. Бул өлкө башчы Касым-Жамы Кемелович Токаевдин сөзүнүн берген баасында", - деген Владимир Путин.

Белгилей кетсек, 10-январь күнү өткөн ЖККУнун самитинде Орусиянын президенти Владимир Путин казак президентинин атын унутуп койгон. Саммит онлайн режиминде көрсөтүлүп Путин Касым-Жомарт Кемеловичти, Токаев Кемел Жанаевич деп атаган.

Орусиянын президентинин ысымдарды туура эмес айтып алганын биринчи учур эмес. Буга чейин ал экс-президент Сооронбай Жээнбековдун атын туура эмес айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dembele84
2022-01-15 11:55:32
Путинге "П" да,ар бирин жаттап отурамбы тилимди сындырып деп
+18
surgeon777
2022-01-15 12:18:57
Бул туура эмес айткан Президенттер тактан кулачу эле,надеюсь это знак)
+9
nazira...
2022-01-15 12:31:49
Путин да каарыды да,
+8
Sajakat14
2022-01-15 13:55:17
Болгону сыйлабастыгы! Бул региондун кожоюну менмин дегени. Чындыгында башка президенттер Орто Азиядагы эмне кыла алышат Путинге каршы? Эч нерсе! Чычкандай дагы үн чыгара алышпайт! Ляпбай деп турушат. Өзбекстан менен Түркменистандан башкасы.
+6
Tursunbaev1978
2022-01-15 16:28:27
Sajakat14,Өзбек менен Түркмөндөр деле ошо
+3
Asmat84
2022-01-15 14:21:00
Демек Путиндин эс акылынын тая баштаганы
+5
medet1983
2022-01-15 22:42:27
Пукиндин сыйлабастыгы да. Эгер Путинди башка президент Пукин дегенде анда олду эле. Тоту куштары сайрап чыкмак зомби ящиктен биздин президентин атын билбейт экен деп
+2
Neizvestno777
2022-01-16 07:06:18
Бул Путиндин тактикасы атайылап ушундай ката айтып жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан