Кыргызстанда китеп окуу маданияты өтө төмөндөп кетти. Муну парламенттин 20-ноябрдагы жыйынында маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев айтты. “Кыргызстанда бир адам 1 жылда орточо эсеп менен 19 гана бет китеп окуйт экен. Бул чынында уят нерсе. Китеп окуу маданиятын көтөрүү үчүн колдон келген ишти жасап жатабыз”,- дейт Раев.
Министр быйыл бюджеттен эч кандай акча албай аталган министрлик 2,5 миллиондой нускада окуу китептерин чыгарды.