Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган мушкер Хабиб Нурмагомедов 10 күнгө карантинге алынды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, карантинге алынган Нурмагомедов 10 күндүн ичинде тест тапшырып, анын жыйынтыгы терс болсо, мөөнөтүнөн мурда чыга алат.
Хабиб Нурмагомедов учурда Сингапурда. Ал "One Championship" турниринде өзүнүн мекендеши Сайгид Изагахмаевди колдоо үчүн барган.