Казакстандагы митингдер: Нур-Султандагы Назарбаев проспектисинде анын аты жазылган бардык жазуулар алынууда

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарындагы Нурсултан Назарбаев проспектисинде анын аты жазылган бардык жазуулар алып салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, аталган проспектке өлкөнүн биринчи президентинин ысымы 2017-жылы ыйгарылган. Ага чейин Лепсинская көчөсү деп аталса, баш аламандыктан кийин Фурманова көчөсү деп өзгөртүлгөн.

Мындан тышкары, Нур-Султан шаарынын атын кайрадан Астана деген атка кайтарууга кол топтолуп жатканы кабарланды.

"Коомдогу маанайды эске алып, Казакстандын президентинен, өкмөтүнөн жана парламентинен биздин республиканын борборун мурдагы атына кайтарып берүүнү суранабыз", - деп айтылат кайрылууда.

Казакстандын борбору 2019-жылдын март айында Астанадан Нур-Султанга өзгөртүлгөн. Бул чечим социалдык тармактарда жана карапайым калктын турмушунда терс кабыл алынып, шаардын мурунку аты күнүмдүк турмушта колдонулуп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Aimani
2022-01-15 18:43:55
Ошондо бийлик Назарбаевден Токаевге ооду окшойт э
+14
Birimdik5555
2022-01-15 19:25:19
Ооба да туура Астана деген аты эле сонун жарашат, озунун атын зордоп эле коюп алгандай
+9
Datka7777
2022-01-15 19:46:53
Ха эми
+1
Gulina00
2022-01-15 19:49:40
Туура кылыптыр.
+5
Nuryk00
2022-01-15 20:27:07
Ушул митингди Токаев озу жасаганга окшошуп бара жатат, чалдын туугандарын бирин артынан бирин кызматтан алып. Бийликти озуно чогултуп жатат.
+10
suban78
2022-01-16 00:08:48
Назарбаев бийлик кумарына мас болуп калган адам да...
Озун токтото албайт мындай адамдар.
+3
Goodyer
2022-01-16 00:11:58
Казахстан учун Назарбаевтин мээнети чон.Казак туугандар кийин тушунушот
+4
Shakek
2022-01-16 03:59:14
Борбору Нур-Султан аэропорту Назарбаев борбордук аянты нурсултан назарбаев
Аты эшеги ити мышыгы баары Н Н Н Казакстан эмес НурНазар республикасы кылып албаптыр
+1
bazar
2022-01-16 08:50:46
Өздөрү билет эмне кылса да...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан