Белгилүү украиналык футболчу Олег Данченконун жубайы анын трансфер күнүндө жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 14-январда Киев - Одесса трассасында болгон. Анда Виктория Данченко Мерседес үлгүсүндөгү унаасын башкара албай калып, башка унааны сүзгөн. Андан кийин анын унаасы жүк ташуучу унаага сүзүлүп, трассадан чыгып кеткен.
27 жаштагы Виктория Данченко ошол жерден каза болгон. Маркумдун сөөгү атайын шаймандардын жардамы менен унаадан чыгарылган.
Ошол эле күнү 27 жаштагы коргоочу "Зарей Луганск" клубу менен келишим түзгөн. Буга чейин Олег Данченко "Динамо" (Хмельницкий), Одессанын "Черноморец", "Шахтёр", Орусиянын "Анжи", "Енисей", "Рубин" жана "Уфа" клубдарында, ошондой эле Грециянын "АЭК" клубунда ойногон.
Кырсык болгонго чейин, Виктория Данченко өзүнүн Инстаграм баракчасында унааны ылдам айдап баратканын жана жол эрежесин бузуп жаткан видеосун жүктөгөн.