Алматыдагы Назарбаев проспектисинде Нурсултан Назарбаевдин аты жазылган тактайчалар талкаланды (фото)

Алматы шаарындагы Нурсултан Назарбаев проспектисинде анын аты жазылган бардык тактайчалар талкаланып алып салынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, шаардагы көчөлөрдө Назарбаевдин аты жазылган тактайчалар талкаланса, анын атын алып жүргөн сейил бактан полиция посту алынып, анын бүтүн бойдон калган эстелигинин алдына эски отургучтар орнотулган.

Ошондой эле Алматынын китеп дүкөндөрүндө Нурсултан Назарбаевдин китептери көрүнүктүү жерлерден алынган.

Буга чейин Нурсултан Назарбаевдин эки күйөө баласы Казакстандагы жогорку кызматтан алынгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
News
2022-01-16 12:19:55
Эң туура кылышат, диктатуралык режимдин куйруктарынан башташыптыр талкалашты. Түркмөнстан менен Кзхтан окшош эле негизи.
+9
Rahim76
2022-01-16 15:20:30
News,Бмзге окшоп бат бат алмаштырып туруш керек дегин
+5
Omyke
2022-01-17 00:17:56
Эн туура талкалагыла диктатура заман откон Фароонго окшоп корунгон шаарга эстелигин койо бериптир
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан