Коңшу Казакстанда ушул тапта катуу суук орун алып, өткөрмө пункттар орнотулду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Казакстандын алты облусунда учурда жолдор жабылды. Жабык жолдордо көзөмөл-өткөрүү пункттары орнотулду. Ал эми мүмкүн болгон жерде кардан тазалоочу техника иштеп жатат. Калктуу конуштардан чыга бериште жүк ташуучу жана жеңил унаалардын тыгындары жаралды. Жолдорго жылытуу пункттары даярдалган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды жолго чыгардан мурун аба ырайын карап алууну суранды.