Министр Султан Раев Жогорку Кеңеште манасчылардын атын билбей ыңгайсыз абалда калды

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев парламенттин 20-ноябрдагы жыйынында ыңгайсыз абалда калды. Депутаттардын “Кыргызстанда канча манасчы бар, аттарын атап бериңизчи?” деген суроосуна министр “элге кеңири таанымал 10дой манасчы бар” деп, алардын атын атап бере албай калды. Министр белгилүү манасчы Рыспай Исаковдун гана атын эстеди. Депутаттардын сынынан кийин Раев “аттарын билем, бирок силердин алдыңарда толкунданып жатам” дегенге аргасыз болду. 

Айта кетсек, жыйында “Маданият жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы тууралуу маселе каралууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан