Жогорку Кеңеште “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү талкууланды

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү маселеси талкууланды. Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев “Манас” эпосу боюнча парламенттин бир комитетинин “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы жетишсиз деген чечими бар экенин, бул эпостун ЮНЕСКОго киришине терс таасир этиши мүмкүн экенин айтты. 

“Эксперттер учурда биздеги “Манаска” байланышкан ар бир сөздү, чечимдерди тыңшап турат. Биз эпоско байланышкан мыйзамды жетишсиз деп тапсак, эртең алар айтышы мүмкүн да “Эң жогорку орган парламентиңер жетишсиз деп жатса, кантип ЮНЕСКОго киргени жатасыңар?” деп. Ошондуктан бул маселеге абайлап мамиле кылсак”,- деди Раев. 

Ал кошумчалагандай, “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү маселеси 6-декабрда каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан