Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев 2-3-январь күндөрү башталган баш аламандык учурунда кайда болгону белгилүү болду. Бул тууралуу орусиялык "Московский комсомолец" басылмасы жазып чыкты.
"2022-жылдын 2-3-январь күнү башталган Казакстандагы баш аламандык учурунда Нурсултан Назарбаев өзүнүн туулуп-өскөн Шамалган айылына барганы белгилүү болду. Андан соң ал 3-январь күнү Кыргыз өлкөсү аркылуу Бирккен Араб Эмираттарына учуп кеткен.
Азыркы учурда Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү жана өзү каякта экени белгисиз. Ал Казакстандагы баш аламандык башталгандан бери элге бир дагы жолу билдирүү жасаган эмес", - деп жазылат маалыматта.