Ислам Каримовдун неберелери Ыйман Каримова жана Марьям Тилляева Өзбекстанда 8 жылдан бери биринчи жолу жолугушушту. Бул тууралуу Марьям Тилляева өзүнүн инстаграм баракчасына билдирген.
Кыздар Самаркандда жайгашкан күмбөзүнө зыярат кылышып, ошондой эле дагы башка бир катар архитектуралык эстеликтерге барышты.
"Бул сапар мен үчүн чоң мааниге ээ, анткени мен Самаркандга келип, көптөн бери зыярат кылгым келчү жана ал эң камкор чоң ата болчу, азыр аны абдан сагындым", - деп Марьям Тилляева билдирүү калтырып жазып кеткен.
Белгилей кетсек, азыркы учурда Мариям Тилляева Москвада, ал эми Иман Каримова Лондондо жашайт.