Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңеште “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга карата президенттин каршы пикири каралды. Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, жергиликтүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилерин кызматка мэрдин макулдугу менен дайындоо жобосу башка бир катар мыйзамдардын талаптарына каршы келет. Ошондон улам буга президент каршы пикир билдириптир.
Аталган мыйзамга карата президенттин каршы пикири добуш берүүгө жөнөтүлдү.