Индонезия бийлиги өлкөнүн борборун Жакарта шаарынан Калимантан аралынын түштүк-чыгышына көчүрөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Индонезиянын улуттук өнүгүү министри Сухарсо Моноарфа жаңы борбор Нусантара деп аталарын билдирген. Анын айтымында, мындай чечимди президент Жоко Видодо бекиткен. Борбордун жаңы аталышы 80ге жакын варианттын ичинен тандап алынган.
Бийликтин мындай кадамга барышына Жакарта шаарында калктын көбөйүшү жана шаары сууга чөгүп бара жаткандыгы себеп болгон. Мындан тышкары Жакарта шаары саздуу жана шаардын айланасында көптөгөн дарыялар агып өтөт.