Казакстан: Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары өз айылынан чыгып кетишти (фото)

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары Назарбаев туулуп-өскөн Шамалган айылынан чыгып кетишти. Бул тууралуу орусиялык "Московский комсомолец" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, учурда Назарбаевдин туугандарынын үйү бош, бирок үйлөр кайтарууда. Туңгуч президенттин үйүнүн айланасына видео көзөмөл орнотулган. Буга чейин Нурсултан Назарбаев келээрде жолдун баары жабылса, январь айында Назарбаев айылына барган учурда жабылган эмес.

Мындан тышкары көптөгөн айыл тургундары журналисттердин суроолоруна кийин маселе жаралат деп жооп берүүдөн баш тартышкан.

Буга чейин Казакстандагы баш аламандык учурунда Нурсултан Назарбаев Шамалган айылында болгондугу кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nina.alex
2022-01-18 10:44:24
Чыгып аткан фотолору бар экен деп кирсем. Тии атам замандагы фотосуго
+5
Aidan_Ek
2022-01-18 12:50:01
Nina.alex,Мен да ошентип шашып кирипмин ха ха
+5
Ak_Bulut
2022-01-18 12:42:18
Кайран гана отуз жылдык эмгек
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан