ӨКМ: Тоолуу аймактарда көчкү жүрүү коркунучу жогору
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүү коркунучу жогору экенин эскертет. 20-ноябрдан 22-ноябрга чейин
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137, 198-265-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун
45-90, 145-150-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында,
Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Кар көчкү жүрүүчү
аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.