Эки жумадан ашык убакыттан бери Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев жөнүндө эч кандай маалымат жарыялана элек. Мындан улам Нурсултан Назарбаев жана анын үй-бүлөсү Казакстанда кандай артыкчылыктарга ээ экендигин карап көрдүк.
Казакстанда “Биринчи президент жөнүндө” мыйзам 2020-жылы кабыл алынган. Ал Эл башына жана анын үй-бүлөсүнө толук кол тийбестикке кепилдик берет. Назарбаев жана анын үй-бүлөсү кандай артыкчылыктарга ээ?
Биринчи президентти кармап, камап, тинтүүгө, суракка чакырып, камакка алууга болбойт;
Назарбаевге жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү бардык мүлктөр кол тийгис;
Эл башынын банк эсептерине кол тийбестик кепилдиги бар;
Назарбаев жана анын үй-бүлөсү өмүр бою кайтарууда;
Эл башынын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү түрдө мамлекет камсыздандырууга тийиш;
Ал пенсия алат (президенттин айлык маянасынын 80 пайызы). Аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бирине ай сайын жөлөк пул дайындалат.
Буга чейин Нурсултан Назарбаев менен Казакстандын учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаевдин ортосунда өлкөдөгү активдерди кайра бөлүштүрүү боюнча катуу сүйлөшүү жүрүп жаткандыгы кабарланган.