Пекин кышкы Олимпиадасынын уюштуруу комитети билеттерди ачык сатууда көрүүчүлөргө таратпоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, мындай чечим өлкөдөгү жана дүйнөдөгү оор эпидемиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган. Билеттер көрүүчүлөрдүн айрым топторуна гана түз таратылат.
Ал эми трибуналарда эпидемияга каршы коопсуздук чараларын так сактагандар гана боло алышат. Алардын арасында билеттердин квотасы бөлүштүрүлөт.
Буга чейин Пекинде өтө турган кышкы Олимпиада көрүүчүлөрсүз өтө тургандыгы кабарланган.
Эскерте кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндары Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралга чейин өтөрү маалым болгон. Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан азырынча бир гана спортчу жолдомо уткан. Буга чейин АКШ, Жаңы Зеландиянын жана башка өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү Олимпиадага баруудан баш тартышканы маалым болгон.