
"Forbes" журналы 50 жаштан ашкан эң ийгиликтүү аялдардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Forbes" журналы Европа комиссиясынын төрагасы Урсулу фон дер Ляйенди, AstraZeneca вакцинасынын жаралышына катышкан вакцина боюнча адис Сара Гилбертти Европадагы эң ийгиликтүү аялдардын тизмесине киргизди.
Ошондой эле "Forbes" ийгиликтүү аялдардын тизмесине дүйнө жүзүндөгү 52 жаштан 87 жашка чейинки IT секторунун көптөгөн өкүлдөрүн, чыгармачыл кесиптерди, экономисттерди, ар кандай компаниялардын негиздөөчүлөрүн жана тең негиздөөчүлөрүн жана башка көптөгөн адамдарды киргизгени жазылат маалыматта.