Кыргызстанда 9 ай ичинде 4 миңден ашуун бала
туулгандыгы тууралуу күбөлүксүз жүргөн. Бул
тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинин 2013-жылы 9 ай ичинде жасаган иштери
боюнча отчётунда көрсөтүлгөн.
Белгилүү болгондой, жыл башынан бери 18 318 бала
жашоо-турмушу кыйын кырдаалда, алардын 6 973ү ата-энесинин көзөмөлүсүз
калган. Мындан сырткары мыйзам бузууларга баргандар - 3 740, туруктуу жашоочу жайы жоктор - 51, көзөмөлсүз калгандар – 121, үй-бүлөлүк
зомбулукка туш болгондор – 137, жыныстык зомбулукка кабылгандар – 11, иштеп жаткан
2 552 жана туулгандыгы тууралуу
күбөлүгү жок 4 733 бала аныкталган.
Социалдык өнүгүү министрлигинин
маалыматы боюнча, ата-энесинин көзөмөлүсүз калган 6 973 баланын ар бир
бешинчиси камкордукка интернатка же үй-бүлөсүнө кайтарылып берилген.