Бириккен улуттар уюму Германиянын экс-лидери Ангела Меркелге жаңы кызмат сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүткүл адамзатка пайда алып келе турган глобалдык коомдук иштер боюнча жогорку деңгээлдеги консультациялык органды жетектөө өтүнүчү менен Германиянын экс-лидерине БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш кат жөнөткөн. Басылманын маалыматы боюнча, баш тарткан учурда немис саясатчысына БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын жооптуу катчысы кызматын да сунушташы мүмкүн. Секретариаттын азыркы жетекчиси Патрисия Эспиноза ушул жайда ишин аяктайт. Учурда Меркель катка жооп бере электиги такталды.
Эскерте кетсек, Ангела Меркель канцлердик кызматын 8-декабрда Олаф Шольцго тапшырып берген. Ал бул кызматты 16 жыл аркалады (2005-2021-жылдары).